Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Кучактоого уруксаат бериңиз." Россиянын ӨКМ башчысы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди (видео)

Оренбург облусуна Кыргызстандан 350 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оренбург облусуна гуманитардык жардам жеткирген полковник Алмазбек Асанов жетектеген командасы менен жолугушту.

Куренков кыргызстандык кесиптештерине селден жапа чеккендерге көрсөткөн жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Кыргызстандын президентинин буйругу менен табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон азык-түлүк, кийим-кече, тиричилик буюмдары жана каражаттан турган 350 тонна гуманитардык жардам суу ташкынынан жапа чеккен Оренбург облусуна жөнөтүлгөн.

Сүрөт ӨКМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх