Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 7 курулуш компаниясына айып салынды

Эки компания тротуарды жана жолду бузушкан

Бишкекте борбор калаанын мэриясынын муниципалдык инспекциясы жети курулуш компаниясына айып пул салды.

Алсак, мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, «Престиж БИ Центр» ЖЧКсы Чүй проспектисинин 127/1 дарегиндеги тротуарды бузуп салган. Тосмо уруксат кагаздары жок бузулуп, жылдырылган. Аталган ишкана КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгү менен 17 миң сом айып салынды.

Ошондой эле уруксат кагазы жок жолду (асфальт) бузуп, топурак казган «Техник Трейд» ЖЧКсы да жазага тартылды. КР ЖКнын 177-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана 179-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузгандыгы үчүн ишканага 34 000 сом өлчөмүндө айып салыды.

«Аманат Строй Инвест» СК дөңгөлөк жуугуч станциясы бар туруп атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жуубай, Ленин районундагы көчөлөрдүн бирин булгаган. Аталган ишканага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгүн бузгандыгы үчүн 23 000 сом айып салынган. Бир суткалык мөөнөткө жолду тазалоо боюнча буйрук берилди.

Ак-Өргө конушундагы жанаша жайгашкан аймактагы антисанитардык абалды «Шер Курулуш» ЖЧКсы келтирген. Аталган факты боюнча инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүгүнүн 114 жана 115-беренелери боюнча эки протокол түзүлдү. Ошондой эле, «Борсан Констракшн», «Аю Премиум Строй» ишканалары мыйзам бузуулар боюнча КР кодексинин 114-беренеси, «Делур» 115-беренеси боюнча жазага тартылды.

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх