Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте дайынсыз жоголуп жаткан 40 жаштагы Сергей Кривенко изделүүдө

Ал кишини акыркы жолу 28-февралда көрүшкөн

Бишкекте дайынсыз жоголгон 40 жаштагы Сергей Кривенко изделүүдө.

Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, баланын энеси милицияга уулунун жоголушу боюнча арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал кишини акыркы жолу 2024-жылдын 28-февралында Лумумба жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде көрүшкөн. Учурда анын кайда экени белгисиз.

Өзгөчөлүктөрү: бою болжол менен 183 см, орточо дене түзүлүштө, чачы кыска, бут кийиминин өлчөмү 44, кийимдин өлчөмү 56.

Кийгенинде кара капюшону бар куртка, кара спорттук костюм, булганган кызыл кроссовка болгон.

 

Милиция дайынсыз жоголгон жаран тууралуу маалыматы бар жарандарды 0 (312) 352-947, 0 (708) 860 909, 0 (777) 869 897, 0 (553) 102 880 телефон номурларына кабарлап коюуну өтүнөт.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх