Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычындагы окуя боюнча комментарий берди

«Өзбек чек арачылары кыргызтандыктарга гумандуулук көрсөтүштү»

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 7-каналга берген маегинде Кемпир-Абад суу сактагычында кыргызстандыктар менен болгон окуя боюнча комментарий берди.

Буга чейин социалдык тармактарда суу сактагычта балык уулап жүргөн кыргызстандыктарды өзбек чек арачылары кубалап жибергендиги тууралуу маалымат пайда болгон.

Буга байланыштуу журналисттер Ташиевден Өзбекстан менен Кыргызстандыктар суу сактагычтан ээн-эркин балык кармап, малын сугара алат деген келишимдер сакталып жатабы деп сурашты.

Камчыбек Ташиев бул окуя боюнча өзбек кесиптеши менен жолугуп, Өзбекстандын Чек ара кызматынын башчысынын маалыматын укканын билдирди.

«Биздин мекендештер кайыктан Өзбекстандын аймагына түшкөнү белгилүү болду. Ал эми алар чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кармалышы мүмкүн болчу. Эгерде бизде ушундай учурлар болсо, биз дагы кармайбыз. Бул мыйзам. Өзбек чек арачылары гумандуулук көрсөтүп, биздин жарандарды кайыкка салып, биздин аймакка жеткирип, кайра артка кайтып кетишкен. Кемпир-Абад боюнча келишимди эки тарап тең кармап жатат», - деди Ташиев.

Ал ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычында гана эмес, башка суу сактагычтарда да тор менен балык уулоого тыюу салынганын, мындан ары эки өлкөнүн чек арачылары чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жарандарды кармап, бул тууралуу тараптарга маалымат берилерин кошумчалады.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх