Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги канча кыргызстандык мамлекеттик жөлөкпул алып жатканын айтты

«Уй-булого көмөк» жөлөкпулун алган балдардын саны 44,9 миңге азайган

Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата 388,8 миң кыргызстандык мамлекеттик жөлөк пул алат. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын 278,8 миңи «Уй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган балдар.

«2022-жылга салыштырмалуу «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган балдардын саны эмгек акынын жана калктын кирешесинин көбөйүшүнөн улам 44,9 миң адамга азайды», - деп белгилейт башкармалык.

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулунун орточо өлчөмү 1392 сомду түзөт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх