Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

4-майда Ысык-Көлдө эл аралык марафон өтөт. Жолдор тосулат

Айдоочуларга бул убакта түштүк жээктен өтүү сунушталат

4-майда Ысык-Көлдө Run the Silk Road-Шанхай кызматташтыгы эл аралык марафону өтөт. Жарыш Бакты-Долоноту айылындагы ипподромдон Корумду айылынын чыгыш тарабындагы Солемар эс алуу аймагына чейинки бурулушка чейин өтөт.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда өтүүчү марафондо кырдаалга жараша 4 сааттан 5 саатка чейин унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет.

Айдоочуларга Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы түштүк жээк менен жүрүү сунушталат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх