Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук электр тармагынын башкы директору айлык акынын аздыгына нааразы болду

«Баары электр энергиясынын тарифтеринен көз каранды, кошумча каржылоо булактары жок»

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков айлык маянанын аздыгынан ишканада кадрлардын алмашуусу байкалып жатканын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча жыйынында белгилүү болду.

Депутаттардын кадр саясаты боюнча суроолоруна жооп берип жатып Рысбеков жумушчулар уюмдан кетип жатканын айтты.

«Бизде 10 миң 409 адам иштейт, 250-300 орун бош. Эл айлык маянанын аздыгынан кетип калышат, муну алардан сурамжылоо тастыктады. Айлык акыны көтөрүүгө каражат керек, бирок бизде электр энергиясына болгон тарифтен башка кошумча каржы булактары жок. Тартыш болуп жатса да, электр энергиясынын баасы 90 тыйын. Негизги каражаттар ремонт иштерине жана капиталдык курулушка жумшалат. Керек болсо маалымат бере алабыз», - деди ал.

Эл депутаттары министрлер кабинетине айлык акыны жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштап, ААКда реформаларды жүргүзүүгө көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх