Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Сот Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты

Сот ошондой эле Атазовдун мандатын Муртазалиевге өткөрүп берүү чечимин жокко чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Шайлообек Атазовду Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин күчүндө калтырды.

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку соттун соттук коллегиясы өз чечимин чыгарды.

Ошондой эле, сот Атазовдун мандатын Абдурахман Муртазалиевге өткөрүп берүү боюнча Бишкек административдик сотунун чечимин жокко чыгарганы кабарлады.

Ошентип, бир мандаттуу Свердлов округуна кайра шайлоо дайындалат.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкектин административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын Абдурахман Муртазалиевге өткөрүп берүү чечимин чыгарган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх