Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги барда бейтааныш аялды бетке уруп, андан соң милиция кызматкерлерин сабады деп айыптады (видео)

Ага карата кылмыш иши козголду

Бишкектеги барлардын биринде бейтааныш аялды бетке уруп, андан соң милиция кызматкерлерин сабады деп айыптаган жаран кармалды.

Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 5-майда саат 04.30дар чамасында 102 кызматына Киев көчөсүндөгү көңүл ачуучу жайлардын биринде мас абалындагы адам адепсиз сөздөрдү айтып, аялды муштап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

22 жаштагы жабырлануучу бейтааныш адамга каршы арыз жазган. Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Бирок кийинчерээк шектүү өзү милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын билдирген. Ички иштер башкармалыгы муну четке кагууда.

« 27 жаштагы М.М. РИИБдин тергөө кызматына жеткирүү учурунда ал өзүн агрессивдүү алып барып, сөгүп, милиция кызматкерлерин мушташка тартып, мыйзамдуу талаптарга жооп бербей, активдүү каршылык көрсөткөн. Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти коргоо боюнча милдеттерди аткарып жаткан башка адамга каршылык көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгон. М.М. Милиция кызматкерлери келгенге чейин денесине жаракат алган», - деп билдирди ОИИБ.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх