Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кореялык кайрымдуулук уюму Ысык-Көлдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтөт

Муктаж болгондорго жаңы кийимдер берилет

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева Кореянын WECA кайрымдуулук уюмунун өкүлү Сонг Ён Сонду кабыл алды.

Жыйында облустагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамды үстүбүздөгү жылдын май айынын аягына чейин жаңы кийим түрүндө жеткирүүнү уюштуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды. Демилге муктаждарга колдоо көрсөтүүгө багытталган.

 

Белгилей кетсек, аталган уюм үч жыл мурун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорундагы жалпы дарыгерлик практика борборлоруна эки тез жардам унаасын алып берген.

Айнура Султанбаева WECAга көрсөткөн колдоосу жана аймакка социалдык жана гуманитардык демилгелерге жардам берүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүрөт ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх