Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими алынды

Мындай чечим кырдаалдын турукташканына байланыштуу кабыл алынды

Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими алынганын ӨКМ билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, селден улам киргизилген өзгөчө кырдаал кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу 29-апрелде алынды.

Эске сала кетсек, облуста 21-апрелден тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Облустун бир катар аймактарында сел жүрүп, үйлөрдү, короолорду жана жолдорду суу каптаган.

Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, адамдары бар унааны агызып, бир адам каза болгон. Жергиликтүү тургундар унаадан эки аял менен бир баланы чыгарышканга үлгүрүп, айдоочуну агым алып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин 20-апрелден 23-апрелге чейин Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында 67 жолу сел жүргөнүн билдирген.

Сүрөт ӨКМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх