Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Золотой пески» пансионатынын пляжында мыйзамсыз объектилер сүрдүрүлдү

Павильондор, барлар жана башка женил конструкциялар демонтаждалды

Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатынын жээгиндеги мыйзамсыз объекттер демонтаждалды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алардын айтымында, ал жерде мыйзам ченемдерин бузган объектилер бузулган, анын ичинде Ысык-Көлдүн четинен 500 жана 100 метрден алыс эмес аймактарда, ошондой эле өзгөчө корголуучу аймактарда объекттерди курууга жана пайдаланууга тыюу салынган жерлерде.

 

 

Бул иш-чаралар Ысык-Көлдүн жана анын айланасындагы аймактардын уникалдуу экосистемасын коргоо, эс алуучулардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу максатында көрүлүп жатканы айтылат.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк бардык жарандарды жана кызыкдар тараптарды мыйзамды сактоого жана Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын сактоого активдүү катышууга чакырат.

Сүрөт Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх