Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жапаров менен Токаев Астанада эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концертине катышты (фото)

Президенттерге чоң концерттик программа даярдалды

Садыр Жапаров бир күн мурун расмий иш сапары менен Астанага келген. Ошол эле күнү кечинде Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен бирге эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концертине катышты.

Эки өлкөнүн жетекчилери үчүн концерттик программа тартууланып, анда Кыргызстан менен Казакстандын өнөрпоздору “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү окуу, хореографиялык номерлерди жана башка музыкалык номерлерди тартуу менен өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Анда казак өнөрпоздору кыргыз ырларын тартуулашса, кыргызстандык аткаруучулар казак музыкалык репертуарын тартуулашканы айтылат.

Сүрөт президенттин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх