Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен районунундагы Зардалы айылына жол салынат - Президент

«Бул жол мамлекеттин коопсуздугу үчүн зарыл»

Баткен районунундагы Зардалы айылына жол салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасына жазды.

Долбоор келерки жылдын бюджетине киргизилип, иш жаз башында башталат, деди ал.

«Тилекке каршы жол бир тилкелүү болот, анткени таштак жер болгондуктан эки тилке кылуу мүмкүн эмес. Жыгылып кетүү коркунучу бар. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бир тилкелүү жолдун ар кайсы тилкелеринде каршы келе жаткан унаалардын өтүүсү үчүн «чөнтөктөр» жасалат. Айтмакчы, эч нерсе кылбагандан көрө, азырынча бир тилкелүү жол салган жакшы. Зардалыга барчу жол мамлекеттин коопсуздугу үчүн зарыл», — деп жазды мамлекет башчы.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх