Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Селекциядагы жол жабуу. Сот митингдин катышуучуларын актады

Мындай чечимди Чүй облустунун соту чыгарды

Чүй облустук соту ичүүчү суунун жоктугуна байланыштуу митингден кийин кармалган Селекционное айылынын тургундары Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду, ошондой эле активист Эртай Искаковду актады.

 

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 14-июлунда Селекционное айылынын тургундары суунун жоктугуна байланыштуу митингге чыгышып, Түштүк магистралды тосушкан. Алар жайдын башынан бери суу жок экенин айтып, бийлик менен жолугушууну талап кылышкан. Түнкүсүн жолду ачышкан.

Ал эми эртеси, 15-июлда акциянын үч катышуучусу: активист Эртай Искаков, Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов кармалган. Аларга карата бейбаштык жана жолду мыйзамсыз тосуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Сокулук райондук соту Балбаев менен Бекболотовду 100 саат коомдук жумушка тартуу чечимин чыгарган, бирок прокуратура аппеляциялык арыз менен кайрылып, 5 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх