Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Робокоп” Ташкенттин көчөлөрүн көзөмөлдөп баштады - видео

Робот укук бузуулардын бардык түрүн аныктай алат

Ташкентте коомдук тартипти көзөмөлдөгөн робот тесттик режимде иштей баштады, деп жазат Podrobno.uz.

Камера жана жаркылдаган чырактар менен жабдылган төрт дөңгөлөктүү робот профилактикалык инспектордун жардамчысы милдетин аткарат, деп билдирди Жол кайгуул кызматы.

Ал шаарларда жана айыл жерлеринде кылмыштуулуктун алдын алуу максатында иштелип чыккан. Төрт дөңгөлөктүү жардамчы GPS тутуму, видеого жазуу функциясы бар 180 жана 360 градустук жогорку резолюциядагы камералар менен жабдылган. Маяк мыйзам бузууларга эскертүү үчүн жасалган.

Робот кылмыштын бардык түрүн аныктай алат, жада калса таштандыны туура эмес жерге ыргыткандыгы тууралуу. Ал маалыматтар профилактикалык инспектордун планшетине жөнөтүлөт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх